Редакцияот 27.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги кырк үчүнчү сессиясы

 

2021-жылдын 27-февралы № 43-22

 

Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин 2021-жылдын 27- февралындагы 43-сессиясынын №17- протоколун аткарууга алуу жөнүндө

 

Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин 2021-жылдын 27-февралындагы №17-протоколун аткарууга алуу тууралуу Атамерек айылынын тургуну Таир уулу Жоомарттын арызын канаттандыруу максатында. Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-32 беренелерин жетекчиликке алып.

Т. Зулпуев атындагы айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Атамерек айылынын тургунунун арызын карап чыгып анын Караке айылынын Орто-Сай көчөсүндөгү 0,10 га жер аянтын Таир уулу Жоомартка бекитип берүүгө макулдук берилсин.

2. Таир уулу Жоомартка 0,10 га жер аянтын жеке менчикке бекитип берүүнү Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылын көзөмөлдөөнү Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жер жерге жайгаштыруу транспорт, курулуш, өнөр жай маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ж.Жусупбеков