Редакцияот 136989
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги кырк төртүнчү сессиясы

 

2021-жылдын 15-марты № 44-1

 

Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн урдагы “Бакыт үйүнүн” 1-2 кабатын калкты тейлөө борборун ачуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү максатында

 

Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө мурдагы “Бакыт үйүн” 1-2-кабатын калкты тейлөө борборун ачуу максатында мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине негизинде, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып Т. Зулпуев атындагы айылдык кенеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.  Т. Зулпуев атындагы  айыл өкмөтүнүн мурдагы “Бакыт үйүнүн” 1-2-кабатын калкты тейлөө борборун ачуу үчүн 600 000 (алты жүз мин) сом акча каражаты ажыратылып берүүгө макулдук берилсин.

2. Бөлүнгөн акча каражатын которуу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго жана ФЭБ башчы Шамши уулу Мелиске милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Т. Зулпуев айылдык кенешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ж.Жусупбеков