Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги кырк төртүнчү сессиясы
2021-жылдын 15-марты № 44-2
Сабиров Хикматилланини арызынын негизинде Короновирус илдетине каршы күрөшүү мезгилинде постторду тамак аш менен камсыз кылуу максатында акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Атамерек айылынын Атамерек чайканасынын кызматчысы Сабиров Хикматилланин арызынын негизинде акча каражатын ажыратып берүү максатында Т. Зулпуев атындагы айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Атамерек айылынын Атамерек чайканасынын кызматчысы Сабиров Хикматилланин арызын канатандыруу үчүн Короновирус илдетине каршы күрөшүү мезгилинде постторду тамак аш менен камсыз кылуу максатында 45 мин (кырк беш мин) сом акча каражатын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын которуу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго жана ФЭБ башчы Шамши уулу Мелиске милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин “экономика, бюджети, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына” тапшырылсын.
Төрага | Ж.Жусупбеков |