Редакцияот 27.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы

2021-жылдын 27-январы № 239

«Чоң-Сары-Ой айыл Аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, жайыт жерлерди натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну, пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Жайыт комитетинин төрагасы Н. Өмүралиевдин Чоң-Сары-Ой жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга карата бюджетин бекитин берүү жөнүндө кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык кеңеши токтом кылат:

1 .Чоң-Сары-Ой Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгашалары боюнча 582351 (беш жүз сексен эки мин үч жүз элүү бир мин) сом өлчөмүндө бекитилсин. (1-тиркеме)

2. Жыл ичинде акча-каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.

3 .Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Maмлекеттик- укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Абдырахмановго жана ФЭБнун башчысы Ж. Учкемпировага милдеттендирилсин.

5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Э.Кожокеев

 

«Бекитемин»

Чоң-Сары-Ой айылдык

кеңешинин төрагасы

_________Э.Кожокеев

 

Чоң-Сары-Ой жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга бюджети

 

I. Киреше бөлүгү

 

№

Киреше булактары

саны

Жайыт акысы

Жалпы сумма

1

Кой,эчки

15425

10

154250

2

Жылкы

936

50

46800

3

ИMM

3086

50

154300

4

Ижарага берилген жерлер.

11,823 га

19200

227001

 

Баардыгы

 

 

582351

II. Чыгаша бөлүгү

Чыгымдардын аталышы

Суммасы

Айлык маянасы жана соц.фондго которуусу

126,6

Күйүүчү май

20,0

Авто тетиктер

5,0

Концелярдык буюмдарды алуу үчүн

3,0

Жайытка кетчү жолдорду, көпүрөлөрдү ондоо, инфраструктурасын жакшыртуу

350,8

Жайыт ижара акысы үчүн салык 10000 *7,70

77,0

Баардыгы

582,4

Жайыт комитетинин төрагасы

Н.А. Өмүралиев