Редакцияот 19.10.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Таш айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын отуруму

 

2022-жылдын 19-октябры № 4/1

 

Ак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган кээ бир акча каражаттарын бир разделден башка статьяга жылдырып берүү жөнүндө

Ак-Таш айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетиндеги акча каражаттарын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүү киргизүү максатында токтом кылат:

 

1. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн учурдагы өндүрүштүк муктаждыктарын канааттандыруу максатында 2022-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө киреше салыгынан жалпысы 1 000,0 миң сом акча каражаты бюджеттин планына кошумча суралсын.

 

2. Жогоруда каралган 1 000,0 миң акча каражаты чыгаша бөлүгүнүн 70629 тармагы 2215 статьясына бекитилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Таш айылдык кеңешинин Төрагасынын орун басары Б.Акимовго жүктөлсүн. 

 

 

Төрага

А.Аматов