Редакцияот 09.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясынын

 

2022-жылы 9-сентябры № V/I

 

Ат-Башы райондук өнүктүрүү фондунан берилген акча каражатты пайдалануу жөнүндө

 

Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Мамытов Аскарбек Жаныбековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Ат-Башы райондук өнүктүрүү фондунан берилген 1 500 000 сом грант айылдын Д.Өмүралиев көчөсүнө тротуар жана аялдама салууга смета түздүрүлүп, сатып алуулар порталына жарыялансын.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамытовго жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Барыктабасовага милдеттендирилсин.

 

 

Төрөга:

М.Мааткабылов