ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXXVI сессиясы
2021-жылдын 20-февралы № 243
“Каракол" Эркин экономикалык зонасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 18,31 беренелерине ылайык, Чоң-Сары-Ой айыл аймагына караштуу Өрнөк айылынын батыш тарабында жайгашкан "Каракол" Эркин экономика зонасына берилген 430 га жер тилкеси боюнча айыл өкмөтүнүн юристи Ж.Жанузаковдун кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чоң-Сары-Ой айыл аймагына караштуу Өрнөк айылынын батыш тарабында жайгашкан "Каракол" Эркин экономика зонасына берилген 430 га жер тилкеси айыл өкмөтүнө кайтарылып алынсын.
2. Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн "Каракол" Эркин экономика зонасына берилген 430 га жер тилкеси боюнча 2005-жылдын июнь айынын 01 инде чыккан №100 токтом жокко чыгарылсын.
3. Тиешелүү иш чараларды алып баруу жагы айыл мөтүнүн башчысы У.Абдырахмановго тапшырылсын.
4. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Жер агрардык реформа кайра иштетүү өнөр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча труктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Э.Кожокеев |