ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы
2021-жылдын 3-марты № 247
Чоң-Сары-Ой айылындагы Долбоордогу №15 көчөсүнө Дуйшонгазы Бугубаев ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтомунун, Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндө» мыйзамынын 7-беренесин жана Бугубаев Азамат Дуйшонгазиевичтин кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чоң-Сары-Ой айыл аймагына караштуу Чоң-Сары-Ой айылындагы Долбоордогу №15 көчөсү "Дуйшонгазы Бугубаев" атында койулсун.
2. Чоң-Сары-Ой айылындагы Долбоордогу №15 "Дуйшонгазы Бугубаев" көчөсүнүн тазалыгын сактоо жагы көчө тургундарына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Абдырахмановго милдеттендирилсин.
4. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, калкты социалдык жактан коргоо, эмгек миграция, коомдук, өкмөттүк эмес уюмдар менен иш алып баруу жана дин маселелери боюнчам» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э.Кожокеев |