ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы
2021-жылдын 3-марты № 250
Арыздарды кароо боюнча
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 32-беренесин жетекчиликке алып, Чоң-Сары-Ой айыл аймагына караштуу Өрнөк айылынын тургуну Мамбеталиев Эшмураттын Өрнөк айылынын түштук тарабындагы туристик объектилерди долборлоо жана куруу учун пайдаланууга алынган аянты 4.16 га жер тилкесинин пайдалануу мөөнөтүн узартуу боюнча жазган арызын карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Өрнөк айылынын тургуну Мамбеталиев Эшмурат Өрнөк айылынын түштук тарабындагы туристик объектилерди долборлоо жана куруу учун пайдаланууга алынган аянты 4.16 га жер тилкесинин пайдалануу мөөнөтү 34(отуз төрт) жылга узартылсын.
2. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Абдырахмановго миддеттендирилсин.
3. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсун.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Жер агрардык реформа кайра иштетүү өнөр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча труктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Э.Кожокеев |