Редакцияот 27.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы

2021-жылдын 27-январы № 230

Чоң-Сары-Ой айыл Аймагынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 31-беренесинин Кыргыз Реепубликасынын "Бюджеттик Кодексинин" VIII-бөлүмүнүн 78-беренесине ылайык, Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин планы толук аткарылбай калгандыгы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык кеңеши токтом кылат:

I. Чон-Сары-Ой айыл аймагынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджет Республикабызда болуп жаткан инфекциясынын кесепетинен план аткарылбай калгандыгын эске алуу менен 10242,5 (он миллион эки жүз кырк эки миң беш жүз ) сом акча каражаты жергиликтүү бюджетинин планыпан кыскартылсын.

 

- О.Джумаев мектеби

- 1600,0

- Орнок орто мектеби

- 400,0

- "Ынтымак бала-бакча"

- 3 19,8

- Спорт тармагы

- 650,0

- Маданият иш чарасы товарларды жана кызматтарды пайдалануу

- 280,0

- Маданият иш чаралары товарларды жана кызматтарды сатып алуу

- 160,0

- АУП товарларды жана кызматтарды пайдалануу

- 400,0

- АУП товарларды жана кызматтарды сатып алуу

- 400,0

- АУП негизги каражаттар

- 200

- ЖКХ товарларды жана кызматтарды пайдалануу

- 2000,0

- ЖКХ товарларды жана кызматтарды сатып алуу

- 800,0

- ЖКХ негизги каражаттар

- 3032,7

2. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармaлыгына жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Абдырахмановко жана ФЭБ нун башчысы Ж.Учкемпировага милдеттендирилсин.

4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы "Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча" труктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Э.Кожокеев