Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 221 токтомуна) |
Коомдук саламаттык сактоо уюмдарын бюджеттик каржылоонун ченемдерин аныктоо МЕТОДИКАСЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 356 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Методика Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигиндеги коомдук саламаттык сактоонун ведомстволук уюмдарын (мындан ары - ведомстволук уюмдар) жана алардын аймактык бөлүмдөрүн көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтарга эсептешүүлөрдү которууда республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун өлчөмүн аныктоо тартибин белгилейт.
2. Бул Методиканын күчү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигиндеги коомдук саламаттык сактоонун төмөнкү ведомстволук уюмдарына жайылтылат:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо борборуна;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык иммунопрофилактика борборуна;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык карантиндик жана өтө кооптуу инфекциялар борборуна.
Аймактык бөлүмдөргө төмөнкүлөр кирет:
- оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн райондук (шаардык) борборлору;
- транспорттогу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык карантиндик жана өтө кооптуу инфекциялар борборунун кара тумоого каршы бөлүмдөрү.
3. Бул Методикада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат: