Редакцияот 14.10.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин кезексиз XXIХ сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)

 

2022-жылдын 14-октябры № 6

Жер аянтын жайыт жерлер категориясынан ѳндүрүштүк жерлер категориясына которуу жѳнүндѳ

Отуз-Адыр айыл аймагынын Кызыл-Абад жана Фархад  айылдарында жайгашкан 5,30 га жайыт жерди ѳндүрүштүк багытта пайдалануу максатында,Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳ” Мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесинин жана 1999-жылдын 02-июнунда кабыл алынган № 45 Жер Кодексинин 2-главасынын 13-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ;

 

1.Отуз-Адыр айыл аймагындагы

А)Кызыл-Абад айылынын  Ак-Жар участкасындагы

              №  343 контурда жайгашкан     2,4 га жайыт жер

Б)Фархад айылынын    

               №   44 контурунда жайгашкан       2,1 га жайыт жер,анын ичинен 0,50 га

               №  81 контурунда жайгашкан       0,5 га жайыт жер

               №   82 контурунда жайгашкан       1,9 га жайыт жер

Жалпысы болуп 5,30 га жайыт жерди ѳндүрүштүн,транспорт-байланыштын жана башка максаттарга пайдалануунун категориясына которууга макулдук берилсин.

2.Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳ” Мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесинин негизинде 5,30 га жер аянтын жайыт жерлер категориясынан ѳндүрүштүн, транспорт-байланыштын жана башка максатта пайдалануунун категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.(Н.Калматов)

4.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Мурзаев)

  

Төрага

Т. Жумаев