Редакцияот 14.10.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин кезексиз XXIХ сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)

 

2022-жылдын 14-октябры № 2

 

Айыл аймагынын айылдарындагы кѳчѳлѳрдүн аталыштарын ѳзгѳртүп,аларга татыктуу инсандардын фамилияларынын аталыштарын  ыйгаруу жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын “Кыргызстандагы географиялык аталыштар  жѳнүндѳ” Мыйзамынын 7-статьясына ылайык Отуз-Адыр айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ;

 

1.Жаңы-Кызыл-Суу айылы боюнча;

 а) Жаңы-Кызыл-Суу айылындагы Кыргызстан кѳчѳсүнүн аталышы ѳзгѳртүлүп,кѳчѳгѳ Эшенкулов Сатыбай атындагы кѳчѳ деген аталыш ыйгарылсын.

 б)Жаңы-Кызыл-Суу айылындагы Жаңы-Кызыл-Суу кѳчѳсүнүн акырында жайгашкан чолок кѳчѳгѳ Жаныгулов Дурсунбай атындагы кѳчѳ деген аталыш ыйгарылсын.

2.Ош-3000 калктуу конушу боюнча;

 а)Ош-3000 калктуу конушунун Ынтымак кѳчѳсүнүн аталышы ѳзгѳртүлүп,кѳчѳгѳ Уразов Сатыбай атындагы кѳчѳ деген аталыш ыйгарылсын.

3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ тапшырылсын. (Н.Калматов)

4.Тиешелүү иш кагаздарын даярдап,талап кылган инстанцияларга тапшыруу жагы айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.(А.Беделов)

5.Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырам.(ТЖумаев)

 

Төрага

Т. Жумаев