Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин кезексиз XXIХ сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)

2022-жылдын 14-октябры № 1

Муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин кошуу жѳнүндѳ

(Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 3 токтомунун редакциясына ылайык)

 Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-статьясынын 3-пунктунун,13-статьясынын Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчик жѳнүндѳ” мыйзамынын 2,3,5 статьяларынын жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү коомчулуктарына мүлктѳрдү  коммуналдык менчикке ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ”токтомун аткаруу максатындагы Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын 1996-жылдын 18-декабрындагы № 576 токтомуна ылайык Отуз-Адыр айылдык кеңеши

                                                 

ТОКТОМ  КЫЛАТ;

 

1. № 12 Отуз-Адыр орто мектебине тиешелүү  6000,0 м2 жер тилкеси жана ушул мектепке тиешелүү стадиондун 3157,0 м2 жер тилкеси кошулуп 9157,0 м2 жер тилкеси муниципалдык менчик катары каттоого алынсын.

2. № 63 Октябрдын 70 жылдыгы орто мектебине тиешелүү 11800,0 м2 жер тилкесине муниципалдык менчикте турган стадиондун 7000,0 м2 жер тилкеси кошулуп 18800,0 м2 жер тилкеси муниципалдык менчик катары каттоого алынсын.

3. (Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 3 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн. (Н.Калматов)

5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Мурзаев)

 

Төрага

Т. Жумаев