Редакцияот 18.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТБАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

Токтом

 

2022-жылдын 18-январы № 56

“2022-жылга Ак-Барчын бала бакчасына ата-энелер тарабынан төлөнүүчү төлөмдү бекитүү жөнүндө”  

Атбашы айылдык Кенешинин сессиясы 17.01.2022жылдын №3 ата-энелер чогулушунун протоколун карап жана талкуулап чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Бир балага кунумдук тамактанууга 78 сом өлчөмүндөгү төлөм бекитилсин, анын ичинен 18 сомун Атбашы айыл окмоту, ата-энелер төлөмү 60 сом төлөнөт.

2.    Башка чыгымдарга бир баладан айына 200 сом өлчөмүндө төлөм бекитилсин, баланын катышуусу 5 кундон жогору болгондо.

3.    Атбашы айыл өкмөт башчысы М.К Абдыкеримовго токтом аткаруу бекитилсин.

 

Айылдык кеңешинин төрайымы

Д.Абыканова