АТБАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
Токтом
2022-жылдын 18-январы № 68
“Чүй облусунун өнүгүү Фондунун конкурсуна катышуу үчүн сметаны бекемдөө жана акча каражатын бөлүү жөнүндө”
Айыл аймак башчысынын 2022 жылга карата Социалдык экономикалык өнүгүү планын жана Раздольный орто мектебинин имаратынын фасадын жаңылоо, Сокулук районунун Манас айылындагы башталгыч орто мектебинин тосмосунун жаңылоо үчүн проектти ишке ашыруу зарылдыгын угуп жана талкуулап чыгып айылдык Кенешинин сессиясында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сокулук районунун Ак-Жол айылынын Раздольный орто мектебинин 2654 513(эки миллион алты жүз элүү төрт миң үч жүз он беш) сом тосмону оңдоо проекттик сметасы бекитилсин.
2.Раздольный орто мектебинин имаратынын фасадын оңдоого жергиликтүү бюджеттен 600 000(Алты жүз миң) сом б.а 22,6% жана Манас айылынын БОМ нин тосмосун оңдоого жергиликтүү бюджеттен 400 000(төрт жүз миң) сом б.а 22,7% Өздүк салымын кошуу бекитилсин.
3.Айыл аймак башчысы М.К.Абдыкеримовго Чүй облусунун Өнүгүү Фондунун конкурсуна катышуу үчүн бюджеттин чыгаша бөлүгүнө 1 000 000 (Бир миллион) сом б.а өздүк салым кошулсун.
4.Долбоор жактырылгандан кийин айыл аймак башчысы керектүү акча каражатын бөлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышы башчы М.К.Абдыкеримовго жуктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрайымы | Д.Абыканова |