Редакцияот 02.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги чакырылган VI сессиясынын

 

2022-жылдын 02-августундагы № 23

 

Тогуз-Торо айыл аймагындагы калктын жашоо шартын ѳнүктүрүүнү уюштурууну социалдык-экономикалык пландаштыруу, калкка социалдык жана маданий кызмат кѳрсѳтүү боюнча 2022-жылдын 6 айынын маалыматын угуу жөнүндө

 

Тогуз-Торо айылдык Кеңешине Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Арун уулу Темирбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги чакырылган VI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы Арун уулу Темирбектин айылдын социалдык экономикалык абалын көтөрүү багытында 2022-жылдын 6 айында аткарган иштеринин маалыматы жактырылсын.

 

2. Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

 

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы

А.У. Токтожумаев