Редакцияот 29.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXVI кезексиз сессиясынын

2022-жылдын 29-ноябры № 26/1

Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылына региондорду өнүктүрүү фонду аркылуу Улуу Ата Мекендик согушту эскерүү паркына өздүк салым катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылындагы Улуу Ата Мекендик согушту эскерүү паркын региондорду өнүктүрүү фонду долбооруна көрсөтүлүп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөт тарабынан бөлүнүп берилүүчү өздүк салым акча каражатын карап чыгып жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXVIII  чакырылышынын XХVI кезексиз сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылындагы Улуу Ата Мекендик согушту эскерүү паркын региондорду өнүктүрүү фонду долбоорунун жалпы суммасынын 20% (382 692,0 сом) өздүк салым акча каражаты каралсын.

2. Керектелүүчү өздүк салым акча каражатын төмөндөгү статьяга ылайык бекитилсин;

3111-   382 692,0 (үч жүз сексен эки миң алты жүз токсон эки) сом

3. Бул токтомдун аткарылышын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго тапшырылсын.

 

Төрага

 М.Турганалиев