АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 6-февралы № 19/2
Ала-Бука айыл аймагынын Кош-Көпүрө участогуна турак жайлар үчүн жасалган башкы планга өзгөтүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 12-беренесине ылайык, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси К.Юлдашевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин агрардык маселелер, СПА, суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 3-февралындагы отурумунун корутундусун карап чыгып депутаттардын макулдугун эске алып, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVII- чакырылышынын кезектеги XIX-сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл аймагынын Кош-Көпүрө участогунан турак жайлар үчүн жасалган башкы планды өнөр жайынын багытына өзгөртүп, муниципалдык базар куруу үчүн макулдук берилсин.
2. Башкы планга өзгөтүү киргизүүнү райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
3.Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана өндүрүш, курулуш, транспорт, коммуникация, тазалык жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |