АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 6-февралы № 19/3
Ала-Бука айыл аймагынын Кош-Көпүрө участогуна жаңы курулуучу муниципалдык базардын долбооруна акча каражат бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин негизинде жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 6-февралындагы отурумунун корутундусун карап чыгып, талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XIX-сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл аймагынын Кош-Көпүрө участогуна жаңы курулуучу муниципалдык базардын курулмасына жергиликтүү бюджеттен 30000,0 (отуз млн ) сом акча каражатын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Жаңы курулуучу базардын долбоорун даярдоо айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин өндүрүш, курулуш, транспорт, коммуникация, тазалык жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |