АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 6-февралы № 19/4
Ала-Бука айыл аймагынын жарандарына материалдык жардам берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде айылдык кеңешинин социалдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 3-февралындагы отурумунун корутундусун карап чыгып, талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XIX-сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл аймагына караштуу жарандардын ден-соолугуна жана жашоо шартына байланыштуу материалдык жардам сурап кайрылган төмөнкү жарандарга:
1) Сапалак айылынын тургуну Эргешова Гулбахарга 40000 (кырк миң) сом;
2) Ала-Бука айылынын тургуну Раимбаева Мархаматка 20000 (жыйырма миң) сом;
3) Достук айылынын тургуну Эрбаев Алтынбекке 50000 (элүү миң) сом;
4) Ала-Бука айылынын тургуну Усупбаева Бактыгүлгө 10000 (он миң)сом;
5) Сары-Талаа айылынын тургуну Турдукулова Гүлмайрамга 2000 миң евро;
6) Ала-Бука айылынын тургуну У.Кудайбердиевага 10000 (он миң) сом;
7) Сары-Талаа айылынын тургуну Озотаева Эльмирага 30000 (отуз миң) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражаты менен өз убагында камсыздоо айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Э.Карабаевге жүктөлсүн.
3. Материалдык жардам сурап кайрылган жарандардын турмуш-шарты менен жеринде танышуу айылдык кеңешинин социалдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнун социалдык жактан коргоо иштери боюнча адисине милдеттендирилсин.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |