АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 28-апрели № 2
Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы И.Жакшымбетовдун кайрылуусу жөнүндө
Акназаров айылдык аймактык кеңешинин 2023-жылдын 28-апрелиндеги кезексиз 14-сессиясы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Жакшымбетовдун кайрылуусун угуп, талкуулап токтом кылат:
1. Кызыл-Октябрь айылына жол жээкке автоунааларды тейлөөчү (автоунаа тазалоочу, дөнгөлөк желимдөөчү жана автоунаа оңдоочу) элге кызмат көрсөтүүчү ишкана ачуу керектүү жана максаттуу деп табылсын.
2. Өнүктүрүү фонддордон Кызыл-Октябрь айылына жол жээкке автоунааларды тейлөөчү (автоунаа тазалоочу, дөңгөлөк желимдөөчү жана автоунаа оңдоочу) ишкананын долбооруна колдоо көрсөтүү жагы суралсын.
3. Долбоордун тиешелүү документтерин даярдап ишке ашыруу жагы Акназаров айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар жана инвестиция тартуу боюнча башкы адиси Б.Уметалиевага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Жакшымбетовго жүктөлсүн.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К.Жорготаев |