КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз Х сессиясы
2023-жылдын 10-апрели № 10/7
Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасы жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансасында турган Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасы эскирип мөөнөтү келгендиктен, жеке менчикке берүү максатында Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кыламын:
1. Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын жакшыртып, Көк-Жар айылынын социалдык жана экономикасын жогорулатканга кошкон салымы үчүн, 2008-жылы өндүрүштөн чыккан ВАЗ21214 маркасындагы, мамлекеттик номери 0870 NA, кузов номери XTA21214081885302 кызматтык автоунаасы 15 жыл болуп, мөөнөтү өткөндүктөн автоунааны, Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча башкы адиси Касмакун уулу Адилетке акысыз, жеке менчигине берилсин.
2. Тиешелүү документтерин (иш кагаздарын) бүткөрүү жагы Кененбаева Назирага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кадыракунов |