КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз Х сессиясы
2023-жылдын 10-апрели № 10/8
Ормон хан Ниязбек уулунун ысымын административдик-аймактык реформанын негизинде биригип жаткан Кочкор айыл аймагына ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз мамлекеттүүлүгүн курууга жана чыңдоого зор салым кошкон тарыхый инсан Ормон Ниязбек уулунун ысымын административдик-аймактык реформанын негизинде кайрадан уюштурулуп жаткан Кочкор айыл аймагына ыйгаруу жөнүндө Көк-Жар айыл аймактык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн курууга жана чыңдоого зор салым кошкон тарыхый инсан Ормон Ниязбек уулунун ысымын административдик-аймактык реформанын алкагында кайрадан биригүүнүн негизинде уюштурулуп жаткан Кочкор айыл аймагына ыйгаруу жөнүндө, Кочкор айыл аймагына Ормон хандын ысымы ыйгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” ПЖ №85 Жарлыгына ылайык Кош-Дөбө, Кочкор, Ак-Кыя, Көк-Жар айыл аймактары жана Семиз-Бел айылы бириктирилип жаткандыктан, жаңы түзүлө турган айыл аймакты “Ормон хан” айыл аймагы деп атап берүү жагы Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Э.А.Омошевден суралсын.
Төрага | А. Кадыракунов |