КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
2023-жылдын 26-майы № 28
Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын 2023-жылдын 14-апрелинде кабыл алынган “Кара-Булак айыл өкмөтүнүн алдындагы “Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн төлөм акыларынын баасын бекитүү жөнүндөгү” № 22 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн алдындагы “Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.Осмоновдун сунушунун негизинде 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 22 токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасына жыйналуучу таштандынын төлөм акысынын тиркемесине өзгөртүүлөр киргизилсин. (тиркеме тиркелет)
2. “Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасынын коммуналдык кызматтарынын төлөмдөрүн тиркемеге ылайык жыйноо жагы Ж.Осмоновго тапшырылсын.
3. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын экономика-финансы бюджет, ишкердикти жана тышкы экономикалык байланыш, муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Ж.Шакиров |
Кара-Булак айылдык кеңешинин кезексиз XXVI сессиясынын 2023- жылдын 26-майындагы № 28- токтомуна тиркеме |
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн алдындагы “Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасынын коммуналдык кызматтарынын төлөмдөрү
Баалардын көрсөткүчү
№ | Кызматтардын аталышы | Бирдиктүү өлчөм | Айына | Суммасы (сом) |
1. | Калкка | 1 адамга | 1 айга | 15 сом |
2. | Бюджеттик мекемелерге | 1 м2 (имарат) | 1 айга | 10 сом |
3. | Өндүрүштүк мекемелерге | 1 м2 (имарат) | 1 айга | 10 сом |
4. | Коммерциялык түйүндөргө жана уюмдарга |
1 м2 (имарат) |
1 айга |
10 сом |
Жооптуу катчы | Г.Жумаева |