Редакцияот 26.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы

2023-жылдын 26-майы № 30

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагынан жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү № 145-мыйзамына ылайык, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 23-майындагы № 04-27/464 сандуу чыгыш катынын негизинде, Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Кол каналынын долбоорунун алкагында БСР (суу кампасын) куруу максатында, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.  Кара-Булак айыл аймагынын Кара-Булак айылынын түндүк-батыш тарабында жайгашкан № 2626- контурундагы 1,43 га кайрак айдоо жер аянтын жана № 3851- контурундагы 0,17 га таштуу жайыт жалпы 1,60 га жана Кырман жай участогунда жайгашкан № 2999- контурундагы 0,60 га жер аянтын жана № 2626- контурундагы 1,20 га кысыр аңыз жер аянтын жалпы 1,8 га жер аянттарын, Кара-Булак айылынын түндүк-батыш тарабынан 1,60 га жана Кырман-Жай участогунан 1,80 га жалпы 3,40 га жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “ Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.

 

2.  Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

К.Ж.Шакиров