КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
2023-жылдын 26-майы № 31
Кара-Булак айыл аймагындагы таштандыларды чогултуу үчүн төлөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктуна ылайык, “Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси” 2018-жылдын 10-августундагы № 90 Мыйзамынын 24-главасынын 75-беренесин жетекчиликке алып, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн салык жыйымдар боюнча адиси М.Тажибаеванын сунуш катынын негизинде, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган ар бир кожолукка таштандыларды чогултуу үчүн төлөмү бир жылга 10 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Ж.Шакиров |