Редакцияот 25.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы

2023-жылдын 25-апрели № 93

Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн каражаттын эсебинен акча каражатты бөлүп берүү жөнүндө

М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча түшкөн акча каражатынан Ак-Тектир айылынын АДКнын төрайымы К.Айдаралиеванын билдирүүсун угуп жана талкуулап, М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги20-сессиясы карап талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ.

 

1. Чолпон-Ата айыл өкмөтү менен биргеликте айыл өкмөттөр арасында чакан гранттар программасын ишке ашыруу максатында Швецария өкмөтүнун каржылоосуна “Ден соолукту чындоого жана ЖЭО(жугуштуу эмес оорууларды)алдын алууга багытталган тренажордук залды ачуу” долбоорун наркы 1млн 150миң сом болсо , мунун ичинен 150.0сом өздүк салымдан каралыш зарыл болуп жаткандыктан, кошумча тушкөн каражаттын эсебинен төмөндөгү беренеге жумшалсын

 

1. 2216- 150.0 коюлуп берилсин.

2. Акча каражатын өз убагында камсыздап берүү жагы ФЭБ башчы А.Жолдошбековага милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет комитетинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

 

4. Бул токтом https://cholpon-ata.com сайтында жарыяланган күндөн тартып юридикалык күчүнө кирет.

 

Төрайым ;

Р.Токтоназарова