КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясы
2023-жылдын 31-марты № 3
«№ 21 С Ташиев атындагы орто мектебине көмөчү чарба уюштуруу үчүн Кызыл-Үңкүр токой чарбасын Көгөй токой бөлүмүнүн Кызыл-Мойнок участкасынан картошка эгүү үчүн 1 гектар айдоо жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө»
Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын № 21 С Ташиев атындагы орто мектебине көмөкчү чарба уюштуруу үчүн Көгөй токой бөлүмүнүн Кызыл-Мойнок участкасынан картошка эгүү үчүн 1 гектар айдоо жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясы токтом кылат:
1. № 21 С Ташиев атындагы орто мектебине көмөчү чарба уюштуруу үчүн Көгөй токой бөлүмүнүн Кызыл-Мойнок участкасынан картошка эгүү үчүн 1 гектар айдоо жер ажыратып берүү Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын жетекчиси З.Семетеевке сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин токой чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө «Мыйзамына ылайык Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн www.kyzyluhkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Төрага: | Көчөров Т.А |