Редакцияот 31.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясы

2023-жылдын 31-марты № 4

«Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын Көгөй токой бөлүмүнүн Кызыл-Мойнок участкасынан элди таза суу менен камсыз кылуу үчүн 0,40 га жер аянтын ажыратуу жөнүндө»

Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын Көгөй токой бөлүмүнүн Кызыл-Мойнок участкасынан элди таза суу менен камсыз кылуу үчүн 0,40 га жер аянтын ажыратуу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясы токтом кылат:

 

1. Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын Көгөй токой бөлүмүнүн Кызыл-Мойнок участкасынан элди таза суу менен камсыз кылуу үчүн 0,40 га жер аянтын ажыратып берүү Кызыл-Үңкүр токой чарбанын жетекчиси З.Семетеевке сунушталсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы К. Аманкуловко, токой чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтом мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө «Мыйзамына ылайык Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн www.kyzyluhkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

Төрага:

Көчөров Т.А