КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясы
2023-жылдын 31-марты № 6
«Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын бош жаткан таштак муниципалдык жерден спорт зал куруу үчүн 06,65 га жер ажыртуу жөнүндө»
Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын бош жаткан таштак муниципалдык жерден спорт зал куруу үчүн 06,65 га жер ажыртуу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын бош жаткан таштак муниципалдык жерден спорт зал куруу үчүн 06,65 га жер тилкеси ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн башчысы К.Аманкуловко жана айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө «Мыйзамына ылайык Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн www.kyzyluhkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Төрага: | Көчөров Т.А |