КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясы
2023-жылдын 31-марты № 7
«Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын 2023-жылдын 27-мартындагы № 01-6/139 сандуу каты жөнүндө»
Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын жазгы-жайкы жайыттарына райондун төмөнкү айыл аймактарынан келген айыл чарба малдарын көзөмөл жүргүзүү жана туура жайгаштыруу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын жергиликтүү тургундары кредитке алган айыл чарба малдарын көзөмөл өткөрүү пунктунан тиешелүү иш кагаздарынын негизинде токтоосуз өткөрүлсүн.
2. Кызыл-Үңкүр айыл аймагындагы жергиликтүү элдердин айыл чарба малдарын жазгы-жайкы жайыттарга чыгаруу 2023-жылдын 25-майынан чыгарылсын.Төмөнкү айыл аймагынан келген айыл чарба малдары айылдардын ичинде кармалбай токтобостон түз чоң жайлоого чыгарылсын.
3. Райондун төмөнкү айыл аймактарынын айыл чарба малдары 2023-жылдын 1-июнунан көзөмөл пунктунан өткөрүү жагы Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясына жана райондук жайыт комитетине сунушталсын.
4. Айыл аймагындагы айыл чарба малдарын жазгы-жайкы жайыттарга туура жайгаштыруу жана жайыттарды рационалдуу пайдалануу боюнча айылдык кеңештин депутаттарынан,аксакалдар,жаштар кеңешинен коомдук көзөмөл комиссиясы түзүлсүн.(Комиссиянын курамы тиркелет).
5. Райондун төмөнкү айыл аймактарынан айыл чарба малдарын Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын жайлоо жайыттарынан айдап кетип жатканда кечки саат 2000дөн эрте мененки 600 гө чейин айыл арасынан, көзөмөл пунктунан айдап өткөзбөө жагы токой чарба кызматкерлерине жана коомдук көзөмөл кыймылына милдеттендирилсин.
6. Жайлоо жайытка түзүлгөн келишимдин негизинде видионаблюдение коюу көзөмөлдөө жагы Кызыл-Үңкүр токой чарбасына милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы токой чарбасы жана экология маселелери боюнча турукту комиссиясына милдеттендирилсин.
8. Бул токтом мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө «Мыйзамына ылайык Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн www.kyzyluhkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Төрага: | Көчөров Т.А |
Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясынын № 7 токтомунун №1 тиркемеси |
Айыл аймагындагы айыл чарба малдарын жазгы-жайкы жайыттарга туура жайгаштыруу жана жайыттарды рационалдуу пайдалануу боюнча төмөндөгүдөй курамда коомдук көзөмөл комиссиясынын курамы түзүлсүн:
Комиссиянын төрагасы:
1. Көчөров Талантбек Аманбекович - Айылдык кеңештин төрагасы
Комиссиянын мүчөлөрү:
2. Ускенбаев Заирбек | - | Айыл аймактын вет адиси, |
3.Бакиров Эркинбек | - | Токой чарбанын токойчусу, |
4.Шамшиев Рустам | - | Айылдык кеңештин депутаты, |
5.Турдукулов Нурсейит | - | Ак-Булак айылынын айыл башчысы, |
6.Жолдошов Сыргабай | - | Көсө-Терек айылынын айыл башчысы, |
7.Семетеев Даниярбек | - | Катар-Жангак айылынын айыл башчысы, |
8.Масиркулов Замирбек | - | Жаз-Кечүү айылынын айыл башчысы, |
9.Тогузгатов Мурат Тойчиевич | - | № 33 Ак-Булак, Жаз-Кечүү участогунун инспектору,ага лейтанант. |
Төрага: | Көчөров Т. А |