Редакцияот 31.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясы

2023-жылдын 31-марты № 8

«Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»

HELVETAS уюму менен Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн ортосундагы 13.02.2023-ж № 47-дараметтерди жогорулатуу боюнча гранттык келишимдин жана Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн башчысы К.Аманкуловдун сунушунун негизинде Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясы токтом кылат:

 

    1.Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 18000 сомго өзгөртүү киргизилсин.

 

    2.Ушул токтомдун негизинде Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү, Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн башчысы К.Аманкуловко жүктөлсүн.

 

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин финансы,бюджет бөлүмүнүн туруктуу комиссиясынын төрагасы Шамшиев Русамга тапшырылсын..

 

3. Бул токтом мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө «Мыйзамына ылайык Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн www.kyzyluhkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

Төрага:

Көчөров Т.А