Редакцияот 24.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезексиз ХIХ сессиясы

2023-жылдын 24-майы № 40

Каргалык айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 01-7/301 чыгыш сандуу катын кароо (“Демилге” участкасына - 0,07 га, “Саз” жана “Ынтымак” участкасына - 0,10 га, ал эми Чет-Булак айылына 0,15 га)

“Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Баатырбек уулу Аскардын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,

Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын)

кезексиз ХIХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177-токтому менен бекитилген “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндөгү” жобонун 5-пунктуна ылайык жеке менчик турак үй куруу үчүн Казарман айылынын “Демилге” участкасына 0,07 га, “Саз” жана “Ынтымак” участкаларына 0,10 га, ал эми Чет-Булак айылына 0,15 га жер аянтын бөлүп берүү өлчөмдөрү бекитилсин.

2.  Тогуз-Торо райондук мамлекеттик архивинде сактоодо турган 1985-1998-жылдардагы Тогуз-Торо райондук аткаруу комитетинин (райкеңеш) чечимдеринен жана жергиликтүү кеңештин токтомдорунан жер участогунун нормасы боюнча кабыл алынган материалдарды караткан учурда жок болуп чыккандыгы белгиленсин.

3.  Жогоруда көрсөтүлгөн жобонун негизинде иш алып баруу Каргалык айыл өкмөтүнүн жер адиси У.Матиевге милдеттендирилсин.

4.  Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.

5.  Бул токтомду аткаруу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.

6.  Бул токтомду көзөмөлдөө “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Баатырбек уулу Аскарга тапшырылсын.

 

Каргалык айылдык кеңешинин

төрагасынын орун басары:

 

Н.А.Тагайбекова.