Редакцияот 09.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Эл депутаттарынын Өрүктү айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

2023-жылдын 9-февралы № 6

Өрүктү айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджеттен бекитүү жана 2024-2025-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнѳ ылайык Өрүктү айыл аймагынын 2023-жылга карата жергиликтүү бюджеттинин жана 2024-2025-жылдарга карата бюджеттин болжолдуу долбоорун бекитүү максатында Өрүктү айылдык кеңеши токтом кылат :

1.  Өрүктү айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата жергиликтүү бюджеттин көлөмү кирешелер жана чыгашалар боюнча 9737,5 ( тогуз млн. жети жүз отуз жети миң беш жүз) сом өлчөмүндө, анын ичинен:

-жергиликтүү бюджет- 3858,5 ( үч млн. сегиз жүз элүү сегиз миң беш жүз) сом.

-тендештирүүчү грант – 5879,0 (беш млн. сегиз жүз жетимиш тогуз миң ) сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолору менен бекитилсин (тиркеме тиркелет)

2.  2024-жылга карата жергиликтүү бюджеттин кирешелери жана чыгашалары боюнча 4769,5 ( тѳрт млн. жети жүз алтымыш тогуз миң беш жүз) сом өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.

3.  2025- жылга карата 5466,7 ( беш млн. тѳрт жүз алтымыш малты миң жети жүз) сом өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.

4.  Жыл ичиндеги акча каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.

5.  Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.

6.  Токтомдун аткарылышы Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысы Тентимишев С.Т. жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Кыдыралиева А. милдеттендирилсин.

7.  Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет , финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

Осмонов Н.