Редакцияот 13.05.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Майдан айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы

2022-жылдын 13-майы № 28/1

Майдан айыл өкмотүнүн аймагындагы автомобиль жолдорунун категориялары боюнча жол четиндеги жерлерди №46 Кадамжай райондук жолдорду тецлөө ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө

Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясыны, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмасына жана Кыргыз Республикасынын             Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын 2022-жылдын 30-мартындагы №01-33/843 сандуу катына ылайык Майдан айыл өкмөтүнүн автомобиль жолдорунун категориялар боюнча жол четиндеги жерлерди Кыргыз Республикасынын Транспорт жана комуникациялар министрлигинин №46 Кадамжай райондук жолдорду тейлөө ишканасынын балансына өткөрүп берүү боюнча айыл өкмөт башчысынын орун басары Ы.Калбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Майдан айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Майдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы автомобиль жолдорунун категориялары боюнча Ош-Исфана жолундагы, жол четиндеги жерлерди №46 Кадамжай райондук жолдорду тейлөө ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин;

 

 

2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн.

 

Төрага:

Ж.Тагаев