МАЙДАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2023-жылдын 6-февралы № 4/3.1
Табигый жаратылышты жана жан жаныбарларды, коргоп сактап кийинки муунга өткөрүп берүү жөнүндө
Табигый жаратылышты коргоп, кийинки муунга өткөрүп бериш үчүн. “Сурма-Таш”коругуна жана жалпы эле Исфайрам капчыгына Теңизбайга чеин элдик көзөмөл тобун уюштуруу максатында
Майдан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Табигый жаратылышты жана жан жаныбарларды, коргоп сактап кийинки муунга өткөрүп берүү үчүн. Айыл Өкмөттүн ыктыярчыларынан мыйзам чегинде элдик көзөзөмөл тобу түзүлсүн;
2. Айыл Өкмөттүн ыктыярчыларынан мыйзам чегинде элдик көзөмөл тобун түзүү, Майдан айылынын депутатты Анипаев Бурканидинге жүктөлсүн;
3. Элдик көзөмөлдүн курамы жана жобосу айыл Өкмөт менен биргеликте даярдалсын;
4. Токтом Майдан айылдык кеңешинин расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн, Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага: | А.Насиров |