Редакцияот 06.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Майдан айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги  4-сессиясы

2023-жылдын 6-февралы № 4/3.3

Айыл Өкмөттүн аймагында жашаган элдерди жакырчылыктан чыгаруу жөнүндө

Айыл Өкмөттүн аймагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жашоо минимумуна чейин жеткирүү үчүн, айылдарда пилоттук долбоор түзүү максатында Майдан айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Айыл Өкмөттүн ыктыярчыларынан жана Майдан айыл Өкмөтү тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жашоо минимумуна чейин жеткирүү үчүн, айылдарда пилоттук долбоорлор түзүлсүн.

 

 

2.  Токтом Майдан айылдык кеңешинин расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн, Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;

 

 

3.  Ушул токтомдун аткарылышын Майдан айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Социялдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

А.Насиров