МАЙДАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2023-жылдын 6-февралы № 4/3.4
Айыл өкмөт аймагындагы салык төлөмдөрү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүн аймагында тамарка салыгы 0,01 га жер аянтына 10 сом боюнча калсын, үлүш жерлердин салыгы 1,0 га жер аянтына базалык ставкага карап 25 сом өлчөмүндө кошулсун;
2. Таштандыларды ташып чыгаруу боюнча төлөмдөрү бир кожолука 50 (элүү) сом өлчөмүндө бекитилсин;
3. Тез аранын ичинде таштандыларды кайра иштетүү долбоору жана убактылуу жок кылуу долбоору иштелип чыгылсын:
4. Башка төлөмдөрдүн коэффициенти 2017-жылдын өлчөмүндө калтырылсын;
5. Ушул токтомдун аткарылышын Майдан айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Насиров |