Редакцияот 06.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Майдан айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги  4-сессиясы

2023-жылдын 6-февралы № 4/3.7

Анипаев Бурканидиндин кайрылуусу жөнүндө

Анипаев Бурканидиндин кайрылуусунун негизинде, Сары-Алтын айылында мунисипальдык баланста турган, жалпы аянты 0,15 га жерге, газо блок иш-канасын куруу үчүн. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык мыйзам чегинде жер ажыратып берүү максатында Майдан айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Анипаев Бурканидиндин кайрылуусунун карап чыгып. Сары-Алтын айылында мунисипальдык баланста турган, жалпы аянты 0,15 га жерге, газо блок иш-канасын куруу үчүн. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык мыйзам чегинде жер ажыратып берүүгө макулдук берилсин:

 

 

2.  Мыйзам чегинде берилген жерге бир жыл ичинде Газо блок иш-канасы ишке кирбесе ушул токтом жокко чыгарылсын;

 

 

3.  Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөттүн жер адиси С.Балтабаевге милдеттендирилсин

 

 

4.  Токтом Майдан айылдык кеңешинин расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн, Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;

 

 

5.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Майдан айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

Төрага:

А.Насиров