Редакцияот 06.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Майдан айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги  4-сессиясы

2023-жылдын 6-февралы № 4/3.10

Айыл Өкмөттүн ишин жандандыруу жана жарандарга маалыматты туура жеткирип жеңилдик кылуу жөнүндө

Айыл Өкмөттүн ишин жандандыруу жана жарандарга маалыматты туура жеткирип жеңилдик кылуу жана жаштар менен эффективтүү иш алып баруу максатында Майдан айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Элге маалымат жеткүрүү боюнча – кандай гана маалымат болбосун жогорку жактан мисалы аградык-дыйканчылык маселелери боюнча, жеңилдиктер боюнча, тарифтер боюнча, жарандык актылардын кызмат акылары боюнча, жана башка эл билүүсү зарыл болгон маалыматтар маалымат тактасына жаңыланып илинип турулсун жана жарыя катары айылдык ватсап группаларга жөнөтүлүп турулсун;

 

2.  Тендер маселеси аппараттык жыйында каралып, тендерди кынтыксыз аткаруучу тажыйбалуу специалист алуу жагы каралсын;

 

 

3.  Айыл өкмөткө тажрыйбалуу Юрист же адвокат алысын;

 

4.  Жаштар менен иш алып баруу жагы бир адиске жүктөлсүн;

 

 

5.  Тез аранын ичинде туризм боюнча маршруттар аныкталып, туристтер жүрүүчү жолдорду, жайлоочулардын жолдорун оңдоо аткарууга алынсын;

 

6.  Ушул маселелер тапшырма катары айыл Өкмөт аппаратына милдеттендирилсин;

 

 

7.  Токтом Майдан айылдык кеңешинин расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн, Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;

 

8.  Ущул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Төрага:

А.Насиров