Редакцияот 26.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Могол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIХ сессиясы

2023-жылдын 26-майы № 1

Могол айыл аймагындагы жакынкы жана алыскы жайлоого мал жандыктарды чыгаруу жана багуу акыларын жөнгө салуу жөнүндө

Могол айыл аймагынын жайыт пайдаланычуулар бирикмесинин төрагасы Мирлан Лукумовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Могол айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги ХIX –сессиясы токтом кылат:

1. Могол айыл аймагынын жайыт пайдаланычуулар бирикмесинин төрагасы Мирлан Лукумовдун кайрылуусунун негизинде 2023-жылдын 15-майынан тарта алыскы жайлоого көчүү башталгандыктан, кошуна айыл өкмөттөргө салыштырмалуу мал багуу үчүн шартуу малдын башына 130 (бир жүз отуз) сомдон акы төлөө бекитилсин.

2. Могол айыл аймагындагы жакынкы жана алыскы жайыттарга өз убагында көчүрүлүшүн жана кайтып келүүсүн камсыз кылуу Ачы токой чарбасына жана жайыт комитетине милдеттендирилсин.

3. Могол айыл аймагынын жайыт пайдаланычуулар бирикмесинин акча каражаттарын максаттуу пайдалануу жагы жайыт пайдаланычуулар бирикмесинин төрагасы М.Лукумовко милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык кеңешинин агрардык азык-түлүк, токойчулук жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы И.Орунбаевке жүктөлсүн.

 

Могол айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.Мамарасулов