МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Могол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIХ сессиясы
2023-жылдын 26-майы № 2
Могол айыл аймагындагы Ачы токой чарбасынын чөп жайытка жана эгиндерге түшкөн мал жандыктарга карата айып пулун бекитүү жөнүндө
Могол айыл аймагынын Ачы токой чарбасынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Могол айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги ХIX –сессиясы токтом кылат:
1. Могол айыл аймагынын Ачы токой чарбасынын кайрылуусунун негизинде Көк-Тонду, Чарбак жана Сары-Булак токой бөлүмдөрүнүн коругундагы чөп орокко жана кайракы-айдоо жерлерине түшкөн мал жандыктарга салынуучу төлөмдөр:
1) Жылкы башына 1- иретте -1000 сом, 2-иретте-2000 сом.
2) Кара мал башына 1- иретте -1000 сом, 2-иретте-2000 сом.
3) Кой, эчки башына 1- иретте -500 сом, 2-иретте-1000 сом.
чөп орокко жана кайракы-айдоо жерлерине түшкөн ар бир мал жандыктарга салынган айып пулу бекитилсин.
2. Көк-Тонду, Чарбак жана Сары-Булак токой бөлүмдөрүнүн коругундагы чөп орокко жана кайракы-айдоо жерлерине түшкөн мал жандыктарга салынган төлөмдөрдөн түшкөн айып пулдар Ачы токой чарбасынын эсептик счетуна которулсун.
3. Жогорудагы каралган айып пулдарды салуу Ачы токой чарбасынын инженер ОЗЛ Т.Жакыпбековко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык кеңешинин агрардык азык-түлүк, токойчулук жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы И.Орунбаевке жүктөлсүн.
Могол айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Мамарасулов |