Редакцияот 26.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Могол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIХ сессиясы

2023-жылдын 26-майы № 5

Могол айыл аймагындагы калктуу конуштун ичинде жайгашкан элге кызмат көрсөтүү обьектилеринин жер тилкелерин муниципалдык менчигинин реестрине киргизүү жөнүндө

Могол айыл аймагындагы калктуу конуштун ичинде жайгашкан элге кызмат көрсөтүү обьектилеринин жер тилкелерин муниципалдык менчигинин реестрине киргизүү жөнүндөгү Могол айыл өкмөт башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Могол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIХ сессиясы токтом кылат:

1. Могол айыл аймагында жайгашкан калктуу конуштун ичиндеги муниципалдык менчигине киргизиле турган жер тилкелери Чарбак айылынын тургундары Расулов Рустам 20 м2, Дарманов Мамажан 10,5 м2, Торошов Мухиддин 32 м2, Мамадалиева Хаитхан 16 м2, Ооган-Талаа айылынын тургуну Осмоналиев Айтибек 44 м2 элге кызмат көрсөтүү обьектилеринин жер тилкелери Могол айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин реестрине киргизилсин.

2. Могол айыл аймагындагы калктуу конуштун ичинде жайгашкан, элге кызмат көрсөтүү обьектеринин жер тилкелери муниципалдык менчигинин реестрине киргизилсин жана мыйзамдаштырып берүү жагы Базар-Коргон райондук мамлекеттик жер каттоо башкармалыгынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Турдукуловко милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Токтобаевке тапшырылсын.

 

Могол айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.Мамарасулов