Редакцияот 31.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Могол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

2023-жылдын 31-январы № 13

Могол айыл аймагынын Чарбак айылына электр мамычаларды жана электр чубалгыларды тартуу долбоору жөнүндө

Могол айыл аймагынын Чарбак айылын таза суу менен камсыз кылуу долбоорун ишке ашыруу үчүн Чүңгөлөк жана Сарай участкаларына электр мамычаларды орнотуу жана электр чубалгыларды тартуу максатында Могол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы токтом кылат:

1. Могол айыл аймагынын Чарбак айылын таза суу менен камсыз кылуу долбоорун ишке ашыруу үчүн Чүңгөлөк жана Сарай участкаларына электр мамыларды орнотуу жана электр чубалгыларды тартуу долбоору колдоого алынсын.

2. Могол айыл аймагынын Чарбак айылын таза суу менен камсыз кылуу долбоорун ишке ашыруу максатында Чүңгөлөк жана Сарай участкаларына электр мамычаларды орнотуу жана электр чубалгыларды тартуу үчүн өздүк салымын камсыздоо үчүн Могол айыл өкмөтүнүн 3111 статьясынан 200 (эки жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

3. Ажыратылган акча каражатын камсыз кылуу Могол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Укубаевага милдеттендирилсин.

4. Могол айыл аймагынын Чарбак айылын таза суу менен камсыз кылуу, электр мамыларды орнотуу жана электр чубалгыларды тартуу долбоорун ишке ашыруу айыл өкмөтүнүн алдындагы “Могол таза суу” ишканасынын жетекчиси Х.Мамадалиевага милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Токтобаевке тапшырылсын.

 

Могол айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.Мамарасулов