Редакцияот 09.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезексиз X сессиясынын жыйыны

2023-жылдын 9-июну № 10/4

Ылай-Талаа айыл аймагынын Ылай-Талаа айылындагы Кой-Сары участкасындагы (1,20 га кайрак айдоо), Тегерек участкасындагы (0,35 га а/ч жараксыз жер), Төрт-Көчө участкасындагы (0,03 га а/ч жараксыз жер), Жылкол айылынын Жылкол участкасындагы (0,03 га а/ч жараксыз жер ), жалпы 1,61 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан көрүстөн, таштанды ташталуучу жай, ичүүчү суу менен камсыздоого курулма куруу үчүн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана көрүстөн, таштанды полигондору, ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу объекттери, тазалоочу курулмалар, саламаттыкты сактоо, мектеп жана мектепке чейинки балдар мекемелери, маданият жана искусство чөйрөсүндөгү объекттер үчүн бөлүнүүчү жерлердин бардык категорияларын жана түрлөрүн жерлердин башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” 2013-жылдын 15-июлундагы №145 жана 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайык Ылай-Талаа айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” 2013-жылдын 15-июлундагы №145 жана 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайык Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн аймагында ишке ашырылсын.

 

2. Ылай-Талаа айыл аймагынын Ылай-Талаа айылындагы Кой-Сары участкасындагы (1,20 га кайрак айдоо), Тегерек участкасындагы (0,35 га а/ч жараксыз жер), Төрт-Көчө участкасындагы (0,03 га а/ч жараксыз жер), Жылкол айылынын Жылкол участкасындагы (0,03 га а/ч жараксыз жер ), жалпы 1,61 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан көрүстөн, таштанды ташталуучу жай, ичүүчү суу менен камсыздоого курулма куруу үчүн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана көрүстөн, таштанды полигондору, ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу объекттери, тазалоочу курулмалар, саламаттыкты сактоо, мектеп жана мектепке чейинки балдар мекемелери, маданият жана искусство чөйрөсүндөгү объекттер үчүн бөлүнүүчү жерлердин бардык категорияларын жана түрлөрүн жерлердин башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берет.

 

3. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовко тапшырылсын.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы М.Исабаев) тапшырылсын.

 

Төрага

А.Кадамбаева