ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бириктирилген Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз III сессиясы
2023-жылдын 9-июну № 1
Бириктирилген Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Бириктирилген Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө Бириктирилген Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы талкуулап, токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы боюнча Бириктирилген Чаек айыл аймагынын айылдык кенешинин регламенти өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Жакыпов |