Редакцияот 09.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бириктирилген Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз III сессиясы

2023-жылдын 9-июну № 2

Бириктирилген Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдык санын төмөндөгүдөй бекитүү жөнүндө

Бириктирилген Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдык санын төмөндөгүдөй бекитүү боюнча Бириктирилген Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:

 

Бириктирилген Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамынын саны төмөндөгүдөй бекитилсин.

 

     1. Мандат комиссиясынын курамынын саны – 5 (беш),

 

     2. Саламаттыкты сактоо, социалдык жактан коргоо, маданият жана билим берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамынын саны – 5 (беш),

 

     3. Укук коргоо, коомдук тартипти сактоо жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын курамынын саны – 5 (беш),

 

     4. Айыл чарбасы, жер, турак-жай, курулуш, өнөр жай-энергетика, жаратылышты коргоо көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча туруктуу комиссиясынын курамынын саны – 13 (он үч),

 

     5. Финансы-экономика жана пландоо бюджет боюнча комиссиясынын курамынын саны- 13 (он үч), болуп бекитилсин.

 

     6. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү учүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

     7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын

 

Төрага

А.Жакыпов