ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
IХ чакырылыш кезексиз XXVIII сессия
2023-жылдын 30-майы № 3
Жалал-Абад шаарындагы аты бар көчөлөрдүн ысымын өзгөртүү жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин “Географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү боюнча” Жобосунун негизинде, “Курманбек” жана “Достук” аймактык башкаруулардан келип түшкөн каттарды шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясында карап чыгып, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарындагы Ляля Бакирова Гапсаматовна көчөсүнүн аталышы Ташиев Каныбек Кыдыршаевич (лат. Tashiev Kanybek Kydyrshaevich) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
2. Жалал-Абад шаарындагы Кирпичный туюк көчөсүнүн аталышы Хасанов Гуламджан (лат. Khasanov Gulamdzhan) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
3. Жалал-Абад шаарындагы Нефтянниктер көчөсүнүн аталышы Качкынбаев Садирбек (лат. Kachkynbaev Sadirbek) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
4. Жалал-Абад шаарындагы Достук көчөсүнүн аталышы Шүкүров Сүйүнбек (лат Shukurov Suyunbek) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
5. Жалал-Абад шаарындагы Тайгараев чакан жана туюк көчөсүнүн аталышы Айтмырзаев Жээналы (лат. Aitmyrzaev Jeenaly) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
6. Жалал-Абад шаардык архитектура бөлүмүнө ысым ыйгарылган көчөлөрдү тактап берүү жагы жүктөлсүн, жаӊы көчөгө аншлагдарды даярдоо жана илүү турак жай коммуналдык чарба департаментине (С.Жакыпов) жүктөлсүн, токтомду коммуналдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерге жиберүү жагы шаар мэриясына милдеттендирилсин.
7. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, регламент, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
9. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gos.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Н.Орозбаев |