Редакцияот 30.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Эл депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

2023-жылдын 30-майы № 16-3

Жергиликтүү бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бекитилген бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Кармышакова Гульмира Казаковнанын маалыматын жана Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы токтом кылат:

 

1. Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук чечимин эске алынсын.

 

2. Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланып Хельветас жана Өнүктурүү саясат институту аркылуу ишке ашырылып жаткан “ Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору тарабынан каржыланган 53800 (элүү үч миң) сом акча каржаты айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашасына өзгөтүү киргизилип бекитилсин.

 

3. №5 “Кызгалдак” балдар бакчасынын башка кызмат көрсөтүү статьясындагы 72000 (жетимиш эки миң) сом акча каржаты учурдагы чарбалык чыгымдар статьясына жылдырылсын.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

5.Бул токтом https://ketmen-dobo.kg/ сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрайым

А.К.Жумалиева